Бишкекте такси кызматтарына талаптарды күчөтүү пландалууда

Бишкекте такси кызматтарына талаптарды күчөтүү пландалууда. Министрлер кабинети унаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

 

Документте таксисттердин, жүргүнчүлөрдүн, диспетчердик жана маалымат кызматтарынын укуктары менен милдеттери каралган. Алсак, таксист күн сайын жолго чыгар алдында медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү болот. Салондо тамеки чегүүгө тыюу салынат.

 

Жүргүнчү таксисттен эң кыска же уруксат берилген башка маршрут боюнча жүрүүнү талап кылууга укуктуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.