31-августта Бишкек тургундарына жеке унаалар менен жолго чыкпоо сунушталат.
Мэриядан эске салышкандай, ишемби күнү Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу борбордук көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат.
Тыгындарды болтурбоо үчүн жарандарга коомдук транспортто жүрүү сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.