Кыргызстанда буудай жетишсиздиги жок

Кыргызстанда буудай жетишсиздиги жок. Буга Айыл чарба министрлигинен ишендиришүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, дандын баасын турукташтыруу максатында бир катар иш-чаралар аткарылып жатат.

 

Алсак, бүгүнтөн тарта Материалдык резервдер фондунан 40 миң тонна буудай запастан чыгарылат. Андан тышкары, жер-жерлерде өндүрүүчүлөрдүн баасында ун сатуу боюнча жарманкелер уюштурулду.

 

Белгилеп кетсек, соңку күндөрү Кыргызстанда ун кымбаттап жатат. Бийлик муну Казакстандан буудай жана ун ташуу кечеңдеп жатканы менен түшүндүрүүдө.