Сокулук районунда автоунаа чыгарган кыргыз-өзбек заводунун курулушу соңуна чыкканы калды

Сокулук районунда автоунаа чыгарган кыргыз-өзбек заводунун курулушу соңуна чыкканы калды.

 

Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, завод биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча алгачкы продукцияны чыгара алат.

 

Эске салсак, Кыргызстан менен Өзбекстан   2023-жылдын май айында Чүй облусунда автоунаа чогултуу жана өндүрүү боюнча завод куруп баштаган.