Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди

Ысык-Көл жана Тоң райондорунун селден жабыркаган жашоочуларына өкмөттөн гуманитардык жардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, калкка 22 тонна ун, 4 миң тонна кумшекер, 4 миң литр өсүмдүк майы жана 8 миң 780 банка эт консервасы берилген.

 

Эске салсак, 18-19-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, сел 380 үйдү, 11 дүкөндү, беш пансионатты каптаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.