Улуу Британияда болочок күйөөсү көзгө чөп салганын билген бийкеч тойду жокко чыгарган жок

Улуу Британияда болочок күйөөсү көзгө чөп салганын билген бийкеч тойду жокко чыгарган жок. Жуп 12 жылдан бери мамиле куруп, бирок тойго бир жума калганда эркектин калпы билинип калган. Кыз мындай абалга чөкпөй, тойду жигити жок эле өткөрдү.

 

Ал пландалган жерге досторун, туугандарын чакырып, майрамдап, фотосессия өткөрдү. Ыйлап үйдө отургандын ордуна ал 70 конок менен той өткөрүп, андан кийин саякаттоого учуп кеткен.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.