Франция шенген визасын онлайн режимде берген биринчи өлкө болуп калды

Франция шенген визасын онлайн режимде берген биринчи өлкө болуп калды.

 

Мындай жаңычылдык жайкы Олимпиада оюнжарына даярдыктын алкагында киргизилди. 1-январдан тарта өлкө санарип визаларын берүү боюнча атайын порталды ишке киргизди.

 

Биринчи кезекте ал оюндарга катыша турган спортчуларга, журналисттерге жана делегаттарга эсептелген. Платформа аркылуу 70 миң шенген визасын берүү пландалууда. Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлда старт алат.