АКШ тургуну дээрлик 1 миллион долларлык лотерея билетин ыргытып сала жаздады

АКШ тургуну дээрлик 1 миллион долларлык лотерея билетин ыргытып сала жаздады. Мичиган штатынын 39 жаштагы тургуну жума сайын купондорду сатып алып, бирок бир дагы жолу утушка ээ болгон эмес.

 

Кезектеги билетти дагы ал ошондой эле ойлоп, ыргытайын дегенде акыркы сандарын дагы бир ирет текшерип көрүүнү туура көргөн. Ошол жерден аял 925 мин доллардын бактылуу ээси болуп калды. Эми ал жаңы унаа сатып алып, калган акчаны пенсияга сактап коюуну чечти.