Бишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алынды. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаардагы эскирген көрнөк-жарнак такталардын 96% демонтаждалды. Калган билборд-баннерлер боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 18-июнда шаар бийлигине Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү тапшырган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.