Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Белгиленгендей, 2024-2025-окуу жылынын башталышында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт. Ал эми 5-11-класстын окуучуларынын алгачкы сабагы “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.