Энергетика министрлиги 7 жаңы объектти ишке киргизди. Алсак, Нарын электр тармактар ишканасынын базасында темир-бетон заводу ачылды. Баткен облусунда “Исфайрам” кичи ГЭСи иштеп баштады.
Ош облусунда “Загара-2” көмүр кени менен “Курак-Тектир” кичи гидроэлектр станциясы ишке кирди. Андан тышкары, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак райондук бөлүмүнүн жаңы административдик имараты ачылып, Камбар-Ата-1 ГЭСинде туннелди казуу иштери толугу менен аяктады.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.