Кыргызстан быйыл Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан 2,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттойт

Кыргызстан быйыл Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан 2,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын экспорттойт.

 

Россия жана Түркмөнстандан өлкө биринчи ирет электр энергиясын сатып алат, — деп билдирди Улуттук энергохолдингдин башчысы Талайбек Байгазиев.

 

Анын айтымында, жыл сайын ички керектөө өсүп жатат. Эгер 2022-жылы ал 16 миллиард киловатт-саат болсо, быйыл өсүш 17 миллиардка чейин жетет деп күтүлүүдө. Анын 14,5 миллиард киловатт-сааты гана ГЭС жана ЖЭБдин эсебинен жабылат. Калганы – импорт болот, — деди Байгазиев.