Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард кубометрге түшүп калды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард кубометрге түшүп калды. Маалымат “Электр станциялар” сайтында жарыяланды. Компания маалыматына ылайык, резервуарга суу секундасына 171 куб деңгээлинде агып кирсе, чыгымы дээрлик 4 эсе жогору болуп, 681 кубка теңелүүдө.

 

Белгилеп кетсек, Токтогул суу сактагычында декабрь айында нымдуулуктун көлөмү 1 миллиард кубометрге азайып кеткен. Буга байланыштуу, энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.