Бишкектин бир бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлдү. “Бишкекгаз” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең көгүлтүр от Курманалиев, Зеленая, Кыргызская, Новая көчөлөрү жана Колхозный тилкеси менен чектелген аймактарда жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр газ түтүктөрүндө оңдоо иштерине  байланыштуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.