Сугат суу маселесин чечүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүндү

Өлкөдөгү сугат суу маселесин чечүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Каражаттын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна багытталат.

 

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин айтымында, акча суу ирригациялык системаларын калыбына келтирүүгө, ошондой эле жаңы бассейндерди жана суу сактагычтарды курууга жумшалат.