Жалал-Абадда аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, соода жайы учурдагы «Телтору» ат майданынын аймагында орун алат.

 

Тагыраагы, калаадагы бардык базарлар бир жерге көчүрүлөт. Муну менен аймактагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатталууда.

 

Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар электр автоунааларын чыгаруучу заводго айланат. Мындагы соодагерлерге да жаңы базардан орун берилет.