“Бедел” өткөрүү түйүнү бүгүн ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү бүгүн ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттар түзүлөт.

 

Эл аралык стандарттарга ылайык инфраструктураны түзүү жакынкы жылдарда толук кандуу ишке ашырылат.

 

Өкмөттөн белгилешкендей, “Бедел” түйүнүнүн ишке кириши менен Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери ортосунда эки тараптуу эл аралык коридор пайда болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.