“Кызыл-Кыя” өткөрмө бекетинде электрондук кезек киргизилет

1-ноябрдан тарта Өзбекстан менен чектеш “Кызыл-Кыя” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга электрондук кезек киргизилет. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, долбоор пилоттук режимде 15-декабрга чейин иштейт.

 

Демилге чек арадагы сооданы жеңилдетүүгө жана логистикалык процесстерди оптималдаштырууга багытталган. Система соода операцияларын жөнөкөйлөштүрүп жана чек ара постторунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.