Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40 пайызга өстү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 40 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгында башка өлкөлөр менен соода жүгүртүү 10,5 миллиард долларды түздү. 2021-жылдын тийиштүү мезгилинде тышкы соода жүгүртүү 7,5 миллиард доллар болгон.

Өткөн жылдын 11 айында сооданын 8,5 миллиард доллары импорт, 2 миллиарды экспортко туура келди.