Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын ээси боло алат

Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын ээси боло алат. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

 

Анын айтымында, пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жана эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү башталат.

 

Иш-чара 25-26-май күндөрү старт алат.