Балбан Асан Жанышов дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды

87kg GR — Asan Kurbanovich Zhanyshov (KGZ)

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Испанияда өтүп жаткан жаштар арасында дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

 

Балбан турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышып, алгачкы беттеште грузиялык, чейрек финалда швециялык, жарым финалда румыниялык спортчуларды жеңген.

 

Ал эми алтын медаль үчүн күрөштө азербайжандык Жоджу Самадов менен кез келип, 8:0 эсебинде утуп алды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.