Бишкекте шахмат боюнча мелдеш өтөт

Бишкектин Биринчи май районунда балдар жана чоңдор арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 23-сентябрда саат 10:00дө Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги «Шахмат аллеясында» болот.

 

Турнир Швейцария системасынын ФИДЕ эрежеси боюнча 7 раундда өтөт.

 

Жеңүүчүлөр топтолгон упайлардын саны боюнча аныкталат, бирдей болгон учурда эң начар натыйжасыз кыскартылган коэффициент жана жалпы Бухгольц коэффициенти, кара түстөгү оюндардын саны эске алынат.

 

Бишкек мэриясы орундар чектелүү экендигин белгилеп, 6 жаштан 17 жашка чейинки 16 катышуучуга, 18 жаштан жогору 18 катышуучуга гана уруксат берилерин эскертет.

 

Билдирмелерди турнирдин башкы катчысы Толкунбек Асанбековго саат 9:00дөн 18:00гө чейин 0702 493 993, 0990 312 345 телефондору аркылуу тапшыруу керек.