Иранда Роналдунун колу тийген делген дарбыз сатылууда. Футболчу бир күн мурун Тегеранга «Аль-Наср» клубунун курамында Азия футбол конфедерациясынын Чемпиондор Лигасынын оюнуна келген.
Легенда түшкөн автобусту күйөрмандар аэропорттон мейманканага чейин коштоп жүрүштү.
Эки сааттан кийин эле онлайн платформаларда Роналду кармаган делген буюмдар – салфетка, килемден жип, дарбыз сатыкка чыкты.
Белгилеп кетсек, анын клубунун жергиликтүү “Персеполиске” каршы жолугушуусу бүгүн өтөт.