Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрмө бекети ачылды

Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Ысык-Көл облусунун аймагындагы бул өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар менен иштей баштайт. Ал эми эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары ишке ашат.

 

“Бедел” түйүнүнүн ишке кириши менен Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери ортосунда эки тараптуу эл аралык коридор пайда болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.