Кыргызстанга 20 миллион сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Кыргызстанга 20 миллион сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алынды.

Документке ылайык, кыргыз экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес инвестиция салган чет элдик жарандар үчүн инвестициялык визанын 5 жылдык мөөнөтүн белгилөө сунушталууда.

Ал эми 20 миллион сомдон кем эмес инвестиция менен инвестор 10 жылга виза алуу укугуна ээ болот.