Кыргызстанда ун кымбатташы мүмкүн.
Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы жаңы жылдан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, ун 14-15 пайызга кымбатташы мүмкүн экенин билдирди.
Мунун себеби Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы менен байланыштуу.
Мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12 пайыз киреше салыгы алына баштай турганы күтүлүүдө.
Баанын кымбатташы май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө да тиешелүү болору айтылууда.