Кыргызстанда окуучулардын катышуусу менен уюштурула турган массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чаралар Министрлер кабинетинин социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча төрагасынын орун басарынын макулдугу жана билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.
Ал эми жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар министрликтин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен уюштурулат.
Тобокелдиктер аныкталса маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.