Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда 140 орундуу бала бакча курулат

Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда 140 орундуу бала бакча курулат. Тиешелүү тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, объектинин курулушу шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

Сынак тууралуу толук маалыматты мамлекеттик сатып алуулар порталынан алса болот: www.zakupki.gov.kg