Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, алардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Саны – 68.

 

Ал эми эң азы Ысык-Көл жана Нарын облустарында – 6дан окуучу.

 

14-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөн. Өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн 2 миң 211 бүтүрүүчү ат салышкан.