Кыргызстанда бир катар мектептер аралыктан окутууга өттү

Кыргызстанда бир катар мектептер аралыктан окутууга өттү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу онлайн окутууга өттү.

 

Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан Бишкектеги №60 мектеп, Таластын Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары, Талас шаарындагы №3 орто мектептин 2-11-класстары жана №5 орто мектептин 5-11-класстары, ошондой эле Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектебинин окуучулары аралыктан окумай болду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.