Кыргызстанда быйыл селден 1 миллиард сомго материалдык зыян келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 330дан ашуун сел катталды. Көбү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына туура келди. Табигый кырсык 22 адамдын өмүрүн алды.
Беренбеков белгилегендей, учурда кооптуу делген тилкелерде күнү-түнү нөөмөт жүргүзүлүп, шашылыш билдирүүлөр берилип турат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.