Баласына камкорчу дайындабай таштап, өлкөдөн чыгып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда

Баласына камкорчу дайындабай таштап, өлкөдөн чыгып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ата-эне балага камкорчу жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан баласын 15 күндөн ашык калтырып кетсе, тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн 15 миң сом айып салууну сунуштайт.

 

Ал эми балдар жөнүндө кодекске мамлекеттик коргоонун кепилдиктери менен “эмгек мигранттарынын балдары” деген түшүнүк киргизилүүдө.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.