Баткен облусунда 78 үйдүн курулушу аягына чыга элек

Баткен облусунда 78 үйдүн курулушу аягына чыга элек. 332 объект колдонууга берилди, — деп билдирди Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысынын орун басары Азирет Акимов.

 

Анын айтымында, калган үйлөрдүн курулушу 1-майга чейин аяктайт деп пландалууда. Ведомство атайын комиссия түзүп, талкаланган объектилерди калыбына келтирүү иштери эмне себептен кечеңдеп жатканын иликтейт, — деди Акимов.

 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында өткөн жылдын сентябрь айындагы куралдуу жаңжалдан 600дөн ашык үй жабыркаган.