ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинде эң төмөн айлык Кыргызстанда. Мындай маалымат Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында жарыяланды. Биздин өлкөдө орточо бир айлык номиналдык маяна 35 миң сомду түзөт.
Беларусияда – 59 миң сомго, Арменияда 62 миң 500 сомго барабар. Эң жогорку номиналдык айлык Россияда – 82 миң сом, Казакстанда 77 миң 600 сомду түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.