Бишкекте келе жаткан ишемби, 14-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт. Иш-чара 15-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулат.
Мэриядан белгилешкендей, өзгөчө көңүл ирригациялык тармактарды тазалоого, имараттардын алдын, парк-скверлерди жыйноого бөлүнөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.