Мэрия сатып алган жаңы автобустардын баары Бишкекке келди

Мэрия сатып алган жаңы автобустардын баары Бишкекке келди.

Бул тууралуу 24 агенттигине муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, транспорт жакын арада каттамга чыга баштайт.

Эске салсак, автобустарды сатып алууга шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Мэрия унааларды кытайлык компаниядан алган.