Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти келди

 

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келгенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен «Европа биримдиги — Борбор Азия» деп аталган экинчи саммит өтөт. Мишель аталган иш-чарага катышуу үчүн келген. Андан сырткары, саммитке Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчылары катышмакчы.
Ал эми эртең Европа кеңешинин президентинин Кыргызстанда расмий сапары болот.