Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат

Бишкек – Москва багыты боюнча поезд каттамы жанданат.

 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, каттам 18-декабрдан тарта ишке кирет. Бул багыт боюнча поезд жумасына эки ирет каттоосу күтүлүүдө.

 

Эске салсак, аталган багыт боюнча поезд каттамы 2022-жылы Москванын транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

 

Мындан тышкары, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.