Бишкекте орус валютасынын куну турукташты

Улуттук банктын 26-июндагы көрсөткүчүнө ылайык, бүгүн орус рублинин курсу 1 сом төрт тыйын болду. Ал эми коммерциялык банктарда бир рубль 1 сомдон алынып, 1 сом төрт тыйындан орточо сатылууда.

24-июнь, ишемби күнү рублдин курсу Кыргызстанда кескин төмөндөгөн. Коммерциялык банктар 1 рублди 78-90 тыйындан алып жатканы кабарланган. Рублдин арзандашына ал күнкү Россияда Пригожиндин «куралдуу козголоңунун» таасир эткени айтылган.

Улуттук банктын 26-июндагы көрсөткүчүнө ылайык, 1 евро 94 сом 72 тыйын, 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйын, 1 казак теңгеси 19 тыйын.

Расмий маалыматтар боюнча Россияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран иштейт.

Жыл сайын Кыргызстанга Россиядагы мигранттар 2 млрд. доллардын айланасында акча келип турат. Былтыркы 11 айда Россиядан Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу эле 2,6 млрд. доллар акча жөнөтүлгөн. Бул 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.