Бишкекте таштанды челектеринин жанына токтотулган унаалар айып короого жеткирилип, айдоочусуна айып салынат

Бишкекте таштанды челектеринин жанына токтотулган унаалар айып короого жеткирилип, айдоочусуна айып салынат. “Тазалык” муниципалдык ишканасына өзүнчө эвакуатордук бригада бекитилди.

 

Бул тууралуу анын жетекчиси Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, эми  “Тазалыктын” кызматкерлери эвакуатордук бригадага унаа жолтоо болуп жаткан даректерди жөнөтүп турат.