Нарында ата мекендик мотоциклдер чыгарыла баштады

Нарында ата мекендик мотоциклдер чыгарыла баштады. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, завод Ат-Башы районунда жайгашкан.

 

Кытайлык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишкана эки, үч жана төрт дөңгөлөктүү мотоциклдерди чыгарат. Алар 400 килограммдан 2 тоннага чейинки жүктөрдү ташууга жөндөмдүү.

 

Баасы түрүнө жараша 90 миңден 190 миң сомго чейин.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.