Кыргызстандын тышкы карызынын 40 пайызга жакыны Кытайга туура келет. Бул тууралуу Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.
Аталган мамлекетке бересенин суммасы 1 миллиард 782 миллион долларды түзөт.
Соңку эсептөөлөргө ылайык өлкөнүн тышкы карызы 4 миллиард 494 миллион долларды түздү. Карыздар негизинен энергетика жана жол тармагына алынган.