Мамлекеттик делегациялардын чет жакка сапарлары үчүн жаңы учак сатып алынат

Мамлекеттик делегациялардын чет жакка сапарлары үчүн жаңы учак сатып алынат.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына ылайык, менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатат.

Белгиленгендей, буга чейин бардык учуулар жеке компания ээси менен макулдашуунун негизинде акысыз болгон.

Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президенттин Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы, — деп билдирди Султанбаев.

Белгилеп кетсек, Садыр Жапаровдун 18-декабрда Катарга менчик учак менен кеткени коомчулукта талкуу жараткан.