Өлкөдө транспорт, турак жай жана жеке участокторго салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, салыкты өз учурунда төлөбөгөн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
Андан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн туум кошулат.
Эске салсак, салыктарды 1-сентябрга чейин төлөө керек болчу.