Ноокаттын жолуна асфальт төшөө аяктаганы кабарланды

Ош-Баткен-Разаков жолунун Ноокаттагы тилкесине асфальт төшөө аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Сентябрга чейин жол сызыктары чийилип, белгилер орнотулат.

 

Ноокаттын жолунун абалы боюнча буга чейин ар кандай дооматтар айтылып келген. Аны оңдоо ушул жылдын март айында башталган.

 

Бул жолдун жалпы узундугу 392 чакырымды түзөт.