Кыргызстанда электр энергиясынын маал маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда электр энергиясынын маал маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Улуттук энерго холдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиев ишендирди.

 

Ал белгилегендей, электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү эң жогорку чекке жеткен учурларда жарандарга энергияны көп талап кылчу приборлорду өчүрүү сунушталат.

 

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөр орун алышы мүмкүн. Бул өлкөдөгү жабдуулардын эскилиги жеткенине байланыштуу.