1-сентябрдан тарта Өзбекстан аймагына ID-карта менен өтсө болот

1-сентябрдан тарта Өзбекстан аймагына ID-карта менен өтсө болот.

 

УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүгө Кыргызстан жарандары үчүн 2004-жылкы жана 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталар жарактуу.

 

Ошол эле учурда жалпы жарандык паспортторду дагы колдонсо болот. Ал эми чүнчү өлкөлөргө чыгуу  үчүн эки өлкөнүн  жарандарында тең  жанында жалпы жарандык паспорттору же мамлекеттер аралык макулдашууларда аныкталган башка каттам документтери болушу зарыл.