Көчмөндөр оюндары: көкпардан Казакстан жеңүүчү болду

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар боюнча курамасы күмүш медалга ээ болду. Алар финалдык беттеште Казакстандын курамасына 5:4 эсебинде жеңилди.

 

Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, 10 мүнөттүк кошумча убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, утушту.

 

Эми Кыргызстан менен Казакстан курамалары көк бөрүдөн финалда беттешет. Оюн бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.