Ордо калаада спорттун жети түрү боюнча спартакиада башталды

Ордо калаада спорттун жети түрү боюнча спартакиада башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

 

27-февралга чейин өтө турган мелдешке Бишкектин жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери катышууда.

 

“Ден соолук – 2024” спартакиадасы футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, волейбол, шахмат жана ордо оюндары боюнча уюштурулууда.