“ПСЖнын” коргоочусу Маркиньос франциялык клуб менен жаңы келишим түзөт.
Оюнчунун макулдашуусу 2026-жылга чейин эсептелет жана бир сезонго узартуу мүмкүнчүлүгү каралат. Эске салсак, Маркиньос ПСЖ үчүн 2013-жылдан бери ойноп келет.
Ага чейин ал италиялык “Романын” курамында болчу. Франция чемпионатынын азыркы сезонунда коргоочу 21 беттеш өткөрүп, 1 гол менен өзгөчөлөндү. “Трансфермаркт” порталынын маалыматына ылайык, Маркиньостун рыноктук баасы 70 миллион еврону түзөт.